Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 12-июлу № 5
Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айылдык кеңешинин иш Регламентин бекитүү жөнүндө
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасын угуп жана кеңешип, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Айылдык кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамдарынын негизинде, Жайыл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айылдык кеңешинин иш Регламенти бекитилсин.
2. “Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айылдык кеңешинин иш Регламентин бекитүү жөнүндөгү” Жайыл айылдык кеңешинин токтомун Мамлекеттик нормативдик-укуктук актыларынын үзүмүнө киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети Жайыл айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин Төрагасы | З.Д.Мамаев |