Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 12-июлу № 8
2022 жылдын бюджеттик долбоорун жана 2023-2024 жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө
2022-2024-жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүгнүн долбоорун түзүүнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин 12.12.2019 №147-п буйругуна жана 2021-жылга бюджеттик процесстин графигине ылайык, ошондой эле айыл өкмөтү тарабынан берилген материалдарды угуп жана талкуулап Жайыл айыл кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Өз кирешелерден жана атайын каражаттардан турган 2022-2024-жылдарга айылдык аймактын бюджетинин болжолу төмөндөгүдөй бекитилсин:
Баардыгы | Өз кирешелер | Атайын каражаттар | |
2022 жыл | 11735,0 миң.сом | 10935,0 миң.сом | 800,0 миң.сом |
2023 жыл | 11285,0 миң.сом | 10485,0 миң.сом | 800,0 миң.сом |
2024 жыл | 10846,0 миң.сом | 10046,0 миң.сом | 800,0 миң.сом |
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.
Таркатылсын: иш кагаздарына, бухгалтерияга, Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Жайыл райондук аймактык башкаруусуна
Жайыл айылдык кеңешинин Төрагасы | З.Д.Мамаев |