Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2021-жылдын 12-октябры № 48
Бекмолдо айыл аймагынын “Калыстык М.Т.С” муниципалдык ишкананын Уставы , штаттык бирдигин жана айлык акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-8-пунктарына ылайык жана күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, Талас районунун Бекмолдо айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бекмолдо айыл аймагынын “Калыстык М.Т.С” муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин.
2.Бекмолдо айыл аймагынын “Калыстык М.Т.С” муниципалдык ишканасынын штаттык саны жана айлык маянасы 2021-жылдын 1-ноябрынан баштап 2022-жылдын 1-апрелине чейин түзүлгөн штаттык бирдигине ылайык бекитилсин (тиркеме №1 тиркелет);
3. 2021-жылдын 1-ноябрынан 2021-жылдын 31-декабрына “КалыстыкМ.Т.С” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине эмгек акысы 297815(эки жүз токсон жети миң сегиз жүз он беш сом) акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2021-жылдын 1-январына калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2022-жылдын 1-январынан баштап 31-мартына чейин “КалыстыкМ.Т.С” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине эмгек акысы 446721(төрт жүз кырк алты миң жетижүз жыйырма бир ) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2022-жылда түзүлгөн бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башсчысы С.Бекназаровго жүктөлсүн.
Төрага | С.Осмонов |
|
|
| Тиркеме№ 1
|
“БЕКИТЕМИН” Бекмолдо айылдык кенешини “12 ”октябрь 2021жылдын №48 Бекмолдо айылдык кенешинин төрагасы _____________________С.Осмонов | “МАКУЛДАШЫЛДЫ” “12”октябрь 2021-жыл Бекмолдо айылдык аймагынын башчысы __________________С.Бекназаров |
|
|
Бекмолдо айыл аймагынын “Калыстык М.Т.С” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын 1-ноябрынан 2022-жылдын 1-апрелине чейин түзүлгөн
ШТАТТЫК БИРДИГИ
№к/н
| Кызматтардын аталышы | бирдик | Кызматтык оклады тариф (сом) | 1айга эмгек акысы (сом) | Соц.фонд. чегерүү 17,25% | Баардык сумма (сом) | 01.11.2021ж 31.03.2022ж (сом) |
1 | Жетекчи | 1 | 20000 | 20000 | 3450 | 23450 | 117250 |
2 | бухгалтер | 1 | 16000 | 16000 | 2760 | 18760 | 93800 |
3 | Башкы механих | 1 | 16000 | 16000 | 2760 | 18760 | 93800 |
4 | механик | 6 | 10000 | 60000 | 10350 | 70350 | 351750 |
5 | каролчу | 2 | 7500 | 15000 | 2587 | 17587 | 87935 |
| Баардыгы | 11 | 69500 | 127000 | 21907 | 148907 | 744,535 |
“Калыстык М.Т.С” муниципалдык ишканасынын жетекчиси: | А.Сагыналиев |