Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2021-жылдын 12-октябры № 49
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” 706сандуу токтомуна ылайык Талас районунун Бекмолдо айылдык кенеши токтом кылат:
Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
Айылдык аймактын администрациялык борбору болуп саналган калктуу пункттан тышкары ар бир калктуу пунктта жетектөөчү адистин денгээлинде кызматтык маянасы менен ошол калктуу пункттун тургундарынын ичинен “Айыл башчысы” (айылдын старостасы)кызмат орду (2 штаттык бирдик) бекитилсин;
Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн каттоодо 300гө чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу , бир бошотулган кызматкер –аскерге эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (1штаттык бирдик) бекитилсин;
-каттоодо 300дөн 1000ге чейинки аскерге милдетүү жана аскерге бар болсо –эки бошотулган кызматкер жана андан кийинки ар бир 1000 аскерге милдетүү жана аскерге чакырылуучуларга –бирден бошотулган кызматкер аскерге –эсепке алуу столунун инспектору бекитилсин.
4. Бекитилген Айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша Талас райондук каржы бөлүмү (Ж.М.Ниязалиев) тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын;
5. Бекмолдо айылдык кенешинин 2020-жылдын 25-сентябрындагы №87токтому жокко чыгарылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башсчысы С.Бекназаровго жүктөлсүн.
Төрага | С.Осмонов | |
|
Тиркеме №1 “БЕКИТЕМИН” Бекмолдо айылдык кенешинин төрагасы _____________________С.Осмонов 12- октябрь 2021жыл
| |
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана
ШТАТТЫК САНЫ
Кызматтардын аталышы | Бекмолдо айыл өкмөтүнүн калкынын саны 6388 |
5ден 10го чейин | |
Айыл өкмөтүнүн башчысы | 1 |
Жооптуу катчы | 1 |
Каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы | 1 |
Киреше боюнча башкы адис | 1 |
Социалдык маселелер боюнча башкы адис | 1 |
Жер, турак –жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис | 1 |
Иш кагаздарды алып баруучу боюнча жетектөөчү адис | 1 |
Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис | 1 |
Чыгаша боюнча адис (бухгалтер-кассир) | 1 |
Маалымат базаларын жүргүзүү боюнча адис | 1 |
Жыйынтыгы : | 10 |
Өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча кызмат орундары | |
Жетектөөчү адис –Айыл башы (айыл тургундарынын жыйналышынын макулдугу менен) | 2 |
Адис – Аскердик –эсепке алуу боюнча инспектору | 1 |
Аскердик эсепке алуу боюнча инспектор**** | 1 |
Жыйынтыгы: | 4 |
Техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер:ТТК МТК | |
Кароолчу : | 1 |
Тазалоочу : | 1 |
Жыйынтыгы : | 2 |