Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2021-жылдын 12-октябры № 50
Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылынын тургуну Стамалиев Маратбектин кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылынын тургуну М.Стамалиевдин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Сасык-Булак айылынын тургуну Стамалиев Маратбек артериалдык кан тамырларында тромб бар болгондугуна байланыштуу операция жасатууга жардам катары 80000 (сексен миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2021-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |