Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2021-жылдын 12-октябры № 51
Талас райондук балдарга билим берүү борборунун “Ферзь” шахмат ийриминин жетекчиси Т.Ташматовдун жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талас райондук балдарга билим берүү борборунун “Ферзь” шахмат ийриминин жетекчиси Т.Ташматовдун жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Бекмолдо айыл аймагындагы Жумагул уулу Алымкул орто мектебине ачылган шахмат ийримине керектелүүчү шахматтык буюмдарды алуу үчүн 7500 (жети миң беш жүз) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2021-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |