Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2021-жылдын 12-октябры № 52
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровдун жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексисиясз сесы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровдун жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылынын Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Касымбекова С. ОРТнын жыйынтыгы боюнча Республикалык тестирлөөдө 230 балл алып “Республикалык Алтын сертификатка” ээ болгондугуна байланыштуу окуудагы жетишкендиктери үчүн өсүп келе жаткан жаштарга үлгү , стимул катары колдоо максатында ноутбук алып берүүгө 49500 (кырк тогуз мин беш жүз) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2021-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |