Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2021-жылдын 12-октябры № 58
Г.Орозалиева атындагы орто мектебинин директору Б.Токоеванын кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бекмолдо айыл аймагынын Г.Орозалиева атындагы орто мектебинин директору Б.Токоеванын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Г.Орозалиева орто мектебинин жылда керектелүүчү көмүрү 12тоннага кем түшкөнүнө байланыштуу , кошумча 12тонна көмүр алганга 78000(жетимиш сегиз мин) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2021-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |