Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2021-жылдын 12-октябры № 59
Бекмолдо айыл аймагынын №8, №9 китепкана бөлүмүнүн китепканачылары С.Мырзалиеванын, А.Кенжегараеванын кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бекмолдо айыл аймагынын №8, №9 китепкана бөлүмүнүн китепканачылары С.Мырзалиеванын жана А.Кенжегараеванын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Бекмолдо айыл аймагынын №8, №9 китепкана бөлүмдөрүнө электрондук китептерди жана компьютер, принтер (ксерекс,сканер) алуу үчүн 250 000 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2021-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |