Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2021-жылдын 12-октябры № 60
Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылынын тургуну Н.Токсонбековдун жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылынын тургуну Токсонбеков Нурбектин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Бекмолдо айыл аймагына караштуу Сасык-Булак айылынын тургуну Токсонбеков Нурбек көп жылдан бери ооруп келет (Хронический пиелонефрит. ХПН, Трамва спинного мозга.Нижняя параплегия).Турция Мамлекетине барып даарыланып келүү үчүн 300000(үч жүз мин) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2021-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |