Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2021-жылдын 12-октябры № 63
Бекмолдо айыл аймагындагы А.Бөрүбаев, Жумагул уулу Алымкул, Г.Орозалиева жана Хан –Бүргө орто мектептеринин жетекчилеринин кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагындагы А.Бөрүбаев, Г.Орозалиева, Хан-Бүргө жана Жумагул уулу Алымкул орто мектеп жетекчилерин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Мектептердин материалдык техникалык базасын чыъдоо максатында мектептерге керектүү: компьютер, проектор, ноутбук, интерактивдүү доска, түстүү принтер, МФУ, веб камера жана УПС алуу үчүн жалпы сметалык баасы 3757400(үч млн. жети жүз элүү жети мин төрт жүз)сом түзүп 2020-2021-жылдын бюджетине 1000000(бир млн.)сом акча каражаты каралып калгандыгына байланыштуу, калган 2 757 400 (эки млн.жети жүз элүү жети миъ төрт жүз) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2021-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |