Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2021-жылдын 12-октябры № 65
“Альянс-Алтын” ЖЧК кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. .Жерүй кенинин лицензиясынын ээси болуп саналган “Альянс-Алтын” ЖЧКсынын жазган кайрылуусу канаттандырылсын.
2. “Альянс-Алтын” ЖЧКсынын Алтынды калыбына келтирүүчү фабриканын (ЗИФ) аймагындагы руда сактоочу жайдын курулушу үчүн 4,48га жер тилкеси ижарага бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |