Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2021-жылдын 12-октябры № 67
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровдун жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровдун жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын тургуну ардактуу атуул, эмгек ардагери Кесексары Исаковдун “Өмүр издери” аттуу чыгармачылык кечесине арналган иш чарада Бекмолдо айыл аймагынын чыгармачыл атуулдарын колдоо максатында 25000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2021-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |