Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2021-жылдын 12-октябры № 68
Сасык-Булак айылынын тургуну Бекибаева Калбүбүкандын жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылыны тургуну Бекибаева Калбүбүкандын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылында өтүүчү Бекибаева Калбүбүкандын “Билим жолу” аттуу китебинин бет ачаар чыгармачылык кечесине арналган иш чара өткөрүүгө, Бекмолдо айыл аймагынын чыгармачыл атуулдарын колдоо максатында 25000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2021-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Осмонов |