Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2020-жылдын 14-февралы № 1
“№82 Б. Камбаров атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин капиталдык ремонту жөнүндө”
Кыз-Көл айыл өкмөтүнүнө караштуу Ак-Булак айылынын жашоочуларынын жыйынынын протоколу менен таанышып жана талкуулап, Кыз-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булак айылындагы №82 Б. Камбаров атындагы жалпы билим берүү орто мектеби капиталдык ремонттон өткөрүлсүн.
2. Айыл өкмөтү 45% дотацияда отургандыктан жана финансылык мүмкүнчүлүгү чектелгендигине байланыштуу, мектептин капиталдык ремонтун толук кандуу бүткөрүү үчүн жалпы суммасы 2 675 199 (эки млн алты жүз жетимиш беш миң бир жүз токсон тогуз) сом акча каражаты Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондусунан суралсын.
3. Жергиликтүү бюджеттен 2020-жылга карата деффектный акт түзүү үчүн 14 600 (он төрт миң алты жүз) сом жана тех. надзорго 15 000 (он беш миң) сом жалпы 29 600 (жыйырма тогуз миң алты жүз)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Долбоордун иш кагаздарын даярдоо жагы соц.адис М.Кадыровго жана мектеп директору Н. Алишевага милдеттендирилсин.
5. Акча каражаты ФЭП башчы М. Курбанбаевге милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Кушбаковго милдеттендирилсин
Кыз-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.Осмоналиев |