Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2020-жылдын 14-февралы № 2
“№12 Ш.Абдыраманов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин орто мектеби” мекемесинин жылытуу системасын жаңылоо жөнүндө”
Ак-Тоок айылынын жашоочуларын жыйынынын протоколу менен таанышып жана талкуулап, Кыз-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “№12 Ш.Абдыраманов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин орто мектеби” мекемесинин жылытуу системасын жаңылап алмаштыруу приоритеттүү деп табылсын
2. Айыл өкмөтү 45% дотацияда отургандыктан жана финансылык мүмкүнчүлүгү чектелгендигине байланыштуу, мектептин жылуулук системасынын курулушун толук кандуу бүткөрүү үчүн жалпы суммасы 2821041 (эки млн сегиз жүз жыйырма бир миң кырк бир) сом акча
каражаты Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондусунан суралсын.
3. Жергиликтүү бюджеттен 2019-жылы 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты сметанын документтерин даярдоого жана курулушту техникалык жактан көзөмөлдөөгө 15 000 (он беш миң) сом, жалпысынан 55 000 (элүү беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кушбаковго милдеттендирилсин
Кыз-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.Осмоналиев |