Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кенешинин кезектеги I сессиясы
2020-жылдын 14-февралы № 3
“2020-жылдын 1-январына калган эркин калдык акча каражаттарын бөлүү жөнүндө”
Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын жана айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарын угуп жана талкуулап Кыз-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынан каржыланбаган 1185,8 (бир миллион жүз сексен беш миң сегиз жүз) сом эркин калдык каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн;
1. | Кара-Булак айылындагы машыктыруучу зал | 94 800 миң сом |
2. | Ар түрдүү чыгымдарга | 80 000 миң сом |
3. | Сары-Булак жарыктандыруу | 70 000 миң сом |
4. | Ак-Тоок сугат суу | 70 000 миң сом |
5. | Айыл ичиндеги мусорлорду тазалоо | 44 500 миң сом |
6. | Хоз товар алуу | 41 200 миң сом |
7. | Спорт мектебинин ремонтуна жана электро товар алуу | 72 200 миң сом |
8. | Интернетке болгон карызды төлөө | 67 000 миң сом |
9. | Техназордун эмгек акысы үчүн | 60 000 миң сом |
10. | Карамарт айылына жарыктандыруу | 140 000 миң сом |
11. | Компьютер алуу | 180 000 миң сом |
12. | Жапарбаев о/м жылытуу системасынын уландысы | 112 000 миң сом |
13. | Жапарбаев о/м көмүр алуу | 40 000 миң сом |
14. | Каду айылына көрнөк жарнак жасатуу | 30 000 миң сом |
15. | Малашев Шераалыга соц жардам | 15 000 миң сом |
16. | Маматбеков Мелисбеке соц жардам | 15 000 миң сом |
17. | Авгандар күнүн белгилөө | 14 440 миң сом |
18. | Кара-Булак айылын жарыктандыруу | 10 000 миң сом |
19. 20. | №12 Ш.Абдыраманов о/м тир алуу үчүн Социалдык жардам | 14 500 миң сом 15200 миң сом |
|
|
|
2. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн билим берүү бөлүмүнүн атайын каражат эсебинен 24982 (жыйырма төрт миң тогуз жүз сексен эки) сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштурүлсүн
1) Бала-бакча бөлүмүнө тамак аш азыктарын алуу үчүн 24982 миң сом чыгымдалсын
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кушбаковго милдеттендирилсин
4. 4.Акча каражаттарын бөлүп берүү жагы а/ө ФЭБ башчысы М.Курбанбаевге жүктөлсүн
Кыз-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.Осмоналиев |