Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кенешинин кезектеги I сессиясы
2020-жылдын 14-февралы № 5
№87”Келечек” жалпы негизги билим берүүчү мектебинин капиталдык ремонту жөнүндө”
Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Терек айылынын Жаңы-Айыл участкасынын жашоочуларынын жыйынынын протоколу менен таанышып жана талкуулап, Кыз-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Терек айылы Жаңы-Айыл участкасындагы №87 “Келечек” жалпы билим берүүчү мектеби капиталдык ремонттон өткөрүлсүн
2. Айыл өкмөтү 45% дотацияда отургандыктан жана финансылык мүмкүнчүлүгү чектелгендигине байланыштуу, мектептин жылуулук системасынын курулушун толук кандуу бүткөрүү үчүн жалпы суммасы 1596164 (бир млн беш жүз токсон алты миң бир жүз алтымыш төрт) сом акча каражаты Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондусунан суралсын.
3. Жергиликтүү бюджеттен 2020-жылга карата деффектный акт түзүү үчүн 9400 (тогуз миң төрт) сом жана тех. надзорго 10 000 (он миң) сом жалпы 19 400 (он тогуз миң төрт жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин
4. Долбоордун иш кагаздарын даярдоо жагы соц.адис М.Кадыровго жана мектеп директору М.Кайыповго милдеттендирилсин
5. Акча каражаты ФЭП башчы М.Курбанбаевге милдеттендирилсин
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кушбаковго милдеттендирилсин
Кыз-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.Осмоналиев |