Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кенешинин кезектеги II сессиясы
2020-жылдын 18-февралы № 3
“Ак-Тоок айылынан Кашка-Суу, Жазы-Кечүү жана Талпак айылдарын электр энергиясы менен камсыздоо үчүн Кашка-Суу айылына курулуучу аба чубалгысы ВЛ-10кВ электр линиясын тартуужөнүндө”
Кыз-Көл айыл өкмөтү Көк-Арт РЭТнин кайрылуусун менен таанышып жана талкуулап, Кыз-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл өкмөтунө караштуу Ак-Тоок айылынан Талпак жана Жаз-Кечүү айылдарынын тургундарын электр тогу менен камсыз кылуу максатында Ак-Тоок айылдарын аралап өткөн 3.1 км аралыктагы жолдун четине ВЛ-10кВ электр линиясын тартууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кушбаковго милдеттендирилсин.
Кыз-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.Осмоналиев |