Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кенешинин кезектеги II сессиясы
2020-жылдын 18-февралы № 13
“Ардактуу атуулу наамын берүү жөнүндө”
Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Тоок айылынын тургундарынын жыйналышынын протоколу менен таанышып жана талкуулап Кыз-Көл айылдык Кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Тоок айылынын тургуну, Жалал-Абад шаардык сотунун төрагасы Калмамат уулу Алтынбекке Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2. Ардактуу атуул берүү боюнча керектүү материалдарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башкы соц.адиси М.Кадыровго жүктөлсүн.
3. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы Т.Осмоналиевке милдеттендирилсин.
Кыз-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.Осмоналиев |