Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кенешинин кезектеги VI сессиясы
2020-жылдын 22-апрели № 2
“Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу ар бир айылдарга кароолдорду шайлоо, ошондой эле жайлоого көчүү жана көчүп келүү жөнүндө”
Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашоочулардын кайрылууларын карап жана талкуулап Кыз-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу айылдарга жана Көк-Булак участкасына эгилген эгиндерди жана чөп орокторду көрүү үчүн кароолчулар шайлансын.
2. Айдоо жерлерге , эгилген эгиндерге жана чөп орокторго түшкөн мал жандыктарына жылкы, кара малга 300(үч жүз) сомдон, кой эчкиге 50 (элүү) сомдон ар бир башына айып пул салынсын жана ээси келгенге чейин кароолдордун көзөмөлүндө болсун.
3. Жайлоого көчүү 2020-жылдын 20-апрелинен баштап 1-майына ал эми көчүп келүү 31-августан баштап көчүп келишсин.
4. Эгерде ушул мөөнөттөн мурда көчүп келген тургундар же малчылар болсо мыйзам чегинде чечилсин.
5. Кароолдор элдин протоколунун жыйынын негизинде шайланып эмгек акысы эл тарабынан төлөп берилсин
6. Токтомдун аткарылышын жайыт комитетинин төрагасы М.Сооронбаевге жана айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына милдеттендирилсин
7. Токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн убактылуу орун басарынын м.а. М.Дооранкуловго милдеттендирилсин.
Кыз-Көл айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ж.Калимбетов |