Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 33-сессиясынын
2021-жылдын 16-марты № 182
Чолпон-Ата айыл аймагындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы музейдин куурап калган бак- дарактарын кыюууга уруксат берүү жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 33-сессиясы карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Чолпон-Ата айыл аймагынын Мазар-Суу айылында жайгашкан Жоомарт Бөкөнбаев атындагы музейинин куурап калган бак-дарактарын кыйып тазалоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын 2020-жылдын 09.12-айындагы № 01-06/1512 чыгыш катынын негизинде куурап калган бак-дарактарды кыйып тазалоого уруксат берилсин.
2. Кыйылган бак-дарактардын акча каражатын музейдин ички жана тышкы ремонтторуна жумшап иш алып баруу жагы музейдин жетекчиси Жаманкулова Айнурага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамбетовко тапшырылсын.
4. Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага | Ө.Жаманкулов. |