Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 33-сессиясынын
2021-жылдын 16-марты № 184
Маркум Жумабаев Абдыкеримдин ысымын Чолпон-Ата - 2 насостук станциясына ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө
Чолпон-Ата айыл аймагына караштуу Мазар-Суу айылынын тургуну маркум Жумабаев Абдыкеримдин ысымын Чолпон-Ата - 2 насостук станциясына ыйгарууга макулдук берүү жөнүндөгү Мазар-Суу айылынын тургундарынын 22.02.2021-жылкы жалпы элдик чогулушунун № 2 протоколунун токтомун талкуулап М.Абдылдаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чолпон-Ата айыл аймагынадагы Чолпон-Ата -2 насостук станциясына маркум Жумабаев Абдыкеримдин ысымы ыйгарылсын.
2. Ысымын ыйгаруу боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Асакеевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы М.Абдылдаев айылдык Кеңешине тапшырылсын
4. Бул токтом www.Cholponata. com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага | Ө.Жаманкулов. |