Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 33-сессиясынын
2021-жылдын 16-марты № 186
Жер участогуна ысым ыйгаруу жөнүндө
Чолпон-Ата айыл аймагына караштуу Мазар-Суу айылынын тургуну маркум Абдиев Кемердин ысымын Мазар-Суу айылындагы Абдиев Ырысбектин өзүнө тиешелүү жер участогуна кыргыздын улуттук оюну көк-бөөрүү ойноочу тай казанга айлантып “Кемер ата” ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндөгү Мазар-Суу айылынын тургундарынын 13.03.2021-жылкы жалпы элдик чогулушунун № 3 протоколунун токтомун талкуулап М.Абдылдаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Мазар-Суу айылындагы Абдиев Ырысбектин өзүнө тиешелүү жер участогуна кыргыздын улуттук оюну Көк-бөөрүү ойноочу тай казанга маркум Абдиев Кемердин ысымы “Кемер ата” ысымы болуп ыйгарылсын.
2. Ысымын ыйгаруу боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Асакеевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.Cholponata. com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага | Ө.Жаманкулов. |