Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 32-сессиясынын
2021-жылдын 3-февралы № 172
Чолпон-Ата айыл окмотунун 2021-жылга кабыл алган бюджетинин 12 айда аткарылышы боюнча маалыматы жана 2021-жылга кабыл алган бюджетин бекитүү жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 32-сессиясы Чолпон-Ата айыл аймагынын айыл өкмөтүнун 2021-жылга болжолдуу жергиликтү бюджетин кабыл алуу жөнүндө төмөндөгү акча каражатын сессияда бекитүү үчүн Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамбетовдун жана ФЭБ башчы Н.Кукуевдин билдирүүсүн угуп айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Чолпон-Ата айыл өкмөтунүн башчысы А.Мамбетов жана ФЭБ башчы Н.Кукуевдин 2020-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Чолпон-Ата айыл өмөтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Күкүевдин билдирүүсү эске алынсын.
3. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктардан жана топтоонун көлөмү № 1-тиркеменин негизинде 2021-жылга атайын каражатты кошкондо 7501,7 миң теңдөө гранты 6275,9 миң жалпы 13777,6 миң өлчөмүндө бекитилсин жана өз убагында жыйноону камсыздоо Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша 7501,7 миң өлчөмүндө бекитилсин. Кыргыз Республикасы тарабынан корголгон беренелерине: эмгек акы,соц фонд төлөмдөрүнө, комумуналдык чыгымдарына жумшаалары белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын бюджет Кодексинин 24-беренесинин негизинде, жалпы бюджетинин чыгымдарынын көлөмүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 72,0 миң өлчөмү Чолпон-Ата айыл өкмөтунүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
6. Чолпон-Ата айыл өкмөтүн жергиликтүү бюджетинин негизги эсебинде 2021-жылдын 1-январь айына карата калган калдык 1646937 миң сом акча каражаты № 3 –тиркемеге ылайык жумшаалары белгиленсин.
7. М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрагасына “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик адмнистрация жөнүндөгү” Мыйзамынын 33-беренесинин 5-бөлүгүнө жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук Агенттигинин 2013-жылдын 15-январь айындагы № 04-24/4-1-буйругуна ылайык жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин.
8. Жогорудагы бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Күкүевке милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Т.Тургунбаевке милдеттендирилсин.
10. Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага | Ө.Жаманкулов. |