Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 32-сессиясынын
2021-жылдын 3-февралы № 178
Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 32-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Кукуевдин билдирүүсүнүн негизинде Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып Хельветас жана Өнүктурүү саясат институту аркылуу ишке ашырылып жаткан “ Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору менен каржыланып жаткан таза аймак муниципалдык ишканасына келүүчү техниканын өздүк салымына 1000 000 сом атайын фонддон суралсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмунүн башчыс Н.Кукуевке милдеттендирилсин
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы М.Абдылдаев айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага | Ө.Жаманкулов. |