Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 32-сессиясынын
2021-жылдын 3-февралы № 179
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү түзүлгөн келишимин бекитүү жөнүндө
2016-жылдын 12-июлундагы Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министринде болгон кеңешмеде каралган “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” № 11-17-протоколун аткарууга алып,” Статистикаылык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” түзүлгөн келишимин бекитүү боюнча Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Күкүевтин сунушун угуп М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 31-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү түзүлгөн келишиминини 4-бөлүмүнүн 2-пунктуна оңдоолор киргизилип бекитилсин.
2.Келишимдеги тараптардын милдеттерин тактоо жана келишимге өзгөртүүнү киргизүү жагы статист –экономист С.Жумабаевке милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы М Абдылдаев айылдык кеңештин бюджеттин жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага | Ө.Жаманкулов. |