Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 32-сессиясынын
2021-жылдын 3-февралы № 180
Чолпон-Ата айыл аймагына сырттан келген мал жандыктарды киргиүүгө уруксат бербөө жөнүндө
Чолпон-Ата айыл аймагына сырттагы каттоодо жок жарандар мал жандыктарды жайытка киргизип, салыктарын төлөбөгөндүгүнө жана жайыттын жетишпегендиги боюнча жайыт комитетинин төрагасы М.Кадыровдун билдирүүсүн М.Абдылдаев айылдык кенеши угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Чолпон-Ата айыл аймагынын жайыттарына сырттан кирүүчү малдын агымы токтотулсун.
2020-жылга чейин сырттан кирген Токтогул, Терек-Суу ж.б айыл аймактардан кирген малдардын жайыт салыктары, жайыт акысы толук төгүлбөй келгендиги үчүн жана Чолпон-Ата айыл аймагынын жайыт пайдалануучуларынын өздөрүнө жайыттардын жетишпегендигине байланыштуу сырттагы малдарды киргизбөө жагы Чолпон-Ата айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы М.Кадыровко милдеттендирилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага | Ө.Жаманкулов. |