Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
2021-жылдын 27-сентябры № 36
Каргалык айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысынын 2021-жылдын 6 айында бюджеттин киреше, чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы тууралуу отчету
Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Е.Кашкариеванын 2021-жылдын алты ай ичинде бюджеттин киреше-чыгаша боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндө Каргалык айылдык кеңешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишмердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Дүйшөбаев Нурландын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мурдагы ФЭБ башчысы Е.Кашкариеванын 2021-жылдын алты ай ичиндеги бюджеттин киреше-чыгаша боюнча жүргүзгөн иштери ар кандай кемчиликтерин эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2.Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын алты айында жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө жалпы такталган план 16264,4 миң сом өлчөмүндө белгиленген, ал эми иш жүзүндө жалпы 23768,7 миң сом киреше өндүрүлүп, 146,15 пайызга аткарылган же бюджетке 7504,1 миң сом көп киреше түшкөндүгү жана чыгаша бөлүгүнүн жалпы планы 28282,0 миң сом болсо, кассалык чыгымы 15479,5 миң сом, аткарылганы 54,7 пайыз болуп, ошол эле мезгилде 12802,5 миң сомго кем аткарылгандыгы белгиленсин.
3.Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алты айлык бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылбай калган калган бөлүгүн жылдын жыйынтыгы менен жүз пайызга толук аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн финансы - экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4.Каргалык айыл өкмөтүнүн финансы - экономика бөлүмүнүн башчысынын “Таза суу”, “Таза кызмат”, “МТС” муниципалдык ишканаларынын жана “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” бухгалтердик иштери боюнча эсеп-кысабын толук кандуу жүргүзө албагандыгы белгиленсин жана тез арада иреетке келтирүү жагы милдеттендирилсин.
5.Каргалык айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси Акматова Таалайкүлдүн кошумча киреше булагы боюнча берген маалыматы угулгандыгы белгиленсин жана 2022-жылга карата кошумча киреше булактарын экономист менен биргеликте мониторинг жүргүзүү аркылуу аныктоо жагы тапшырылсын.
6.Каргалык айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бекитилген бюджетиндеги коомчулуктан келип түшкөн кайрылуулардын айрым аткарылбай калган пункттарын жылдын аягына чейин аткарууга жетишүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына жана Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
7.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
8.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы | Т.Токтоболотов |