Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХVIII сессиясынын
2020-жылдын 7-сентябры № 151
КОВИД -19 пандемиясын алдын алуу үчүн болүнгөн акча каражаттарынын пайдаланылышы жана № 107, № 138-токтомдорунун аткарылышы жөнүндө
1.КОВИД -19 пандемиясын алдын алуу үчүн болүнгөн акча каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө Чолпон-Ата айыл өкмөтунүн башчысы А.Мамбетовдун маалыматы эске алынсын
2.М.Абдылдаев айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган № 107, Ак-Тектир айылына бала бакча куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча кабыл алган токтомдун аткарылышында мектеп жамааты менен биргеликте токтом чыгарып иш алып баруу жагы такталганы белгиленсин.
3.М.Абдылдаев айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган № 138, Ак-Тектир айылына Кичи фудболдук аянтчанын курулушун бүткөрүү боюнча кабыл алган токтомдун аткарылышында Сафира фирмасынын жооптуу адамы Т.Сагынбаев 2020-жылдын 10-сентябрында толук бүткөрүп өткөрүп берүү боюнча кепилдик кат бергендиги белгиленсин.
4.Көрсөтүлгөн мөөнөттө иш толук бүткөрүлбөсө мыйзам чегинде чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамбетовко милдеттнедирилсин.
5.Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага | Ө.Жаманкулов. |