Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
2021-жылдын 27-сентябры № 37
Каргалык айыл өкмөт башчысынын 2021-жылдын алты айында аткарган иштери тууралуу отчету
Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевдин 2021-жылдын алты айында айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча жүргүзгөн иши тууралуу жарым жылдык отчетун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Каргалык айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышы боюнча Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевдин алты айда жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2.Чет-Булак айылынын борбордук көчөсүнүн жолун бодурлоодо заказчик Кененбек уулу Гүлжигиттин жаз айларынан бери ишти солгундатып бүтүрбөй жаткан ишин аягына чыгартуу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
3.Подрядчиктин мамлекеттик сатып алуулардан утуп алган жумушун талапка ылайык толук кандуу өткөрүп бергенге чейин башка мамлекеттик сатып алуу конкурсуна (тендерге) катышууга жол бербөө жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
4.Кыргыз алтын ачык акционердик коому менен биргеликте Каргалык айыл аймагына тиешелүү болгон Чет-Булак айылына жана Макмал карьерине чейинки унаалар жүрүүчү жолду ушул жылдын 1-ноябрына чейин уңкур-чуңкурларын түздөп, ремонт жүргүзүү иши “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын директору СЮ Линге милдеттендирилсин.
5.“Таза кызмат” муниципалдык ишканаларынын жана “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” алты айдан бери жүргүзүп келген иштериндеги кемчиликтерине тиешелүү чараларды көрүп, көзөмөл кылууну колго алуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
6.Каргалык айыл өкмөтүндөгү керектен чыккан материалдарды (жарык берүүчү лампалар, орг.техникалар ж.б) бир айлык мөөнөттө эсептен чыгаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
7.Казарман айылындагы элдин жашоосуна зарылчылык болуп жаткан күнүмдүк иштерди ишке ашурууда ишкерлер менен жакындан иш алып баруу жагы (маршруттук линия киргизүү ж.б.) Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
8.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
9.Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы | Т.Токтоболотов |