Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
2021-жылдын 27-сентябры № 38
Каргалык айыл аймагынын 2021-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программасына өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Артыкбаев Эмилбек Артыкбаевичтин Каргалык айыл аймагынын 2021-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программасына өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Каргалык айыл аймагынын 2021-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программасына тиркемеге ылайык өзгөртүү, толуктоолор киргизилсин.
2.Каргалык айыл аймагынын 2021-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программасына киргизилген өзгөртүү, толуктоолор боюнча талапка ылайык иш алып барылсын.
3.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге жүктөлсүн.
5.Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы | Т.Токтоболотов |
| БЕКИТЕМ Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIIIчакырылышынын) кезектеги IV сессиясынын № 38 токтомуна тиркеме 27. 09. 2021-ж |
Каргалык айыл аймагынын 2021-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасына өзгөртүү, толуктоолор
|
Каргалык айыл окмотунун башчысы: | Э.Артыкбаев. |