Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
2021-жылдын 27-сентябры № 39
Каргалык айыл аймагына «Комбайн», «Чен Гонг - 950 К» маркасындагы погрузчик жана Эксковатор «R150W-9» маркасындагы техникаларын алуу долбоорун Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Артыкбаев Эмилбек Артыкбаевичтин Каргалык айыл аймагына техникаларды алуу долбоору боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Каргалык айыл аймагына “Комбайн” алуу боюнча долбоору Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2.Каргалык айыл аймагына «Чен Гонг - 950 К» маркасындагы погрузчик техникасын алуу долбоору Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
3.Каргалык айыл аймагына «R150W-9» маркасындагы эксковатор техникасын алуу долбоору Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
4.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
6.Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы | Т.Токтоболотов |