Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
2021-жылдын 27-сентябры № 40
Каргалык айыл аймагынын «Ж.Кыдыров атындагы муниципалдык паркка» муз аянтын куруу долбоорун Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Артыкбаев Эмилбек Артыкбаевичтин Каргалык айыл аймагынын «Ж.Кыдыров атындагы муниципалдык паркка» муз аянтын куруу долбоору боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Каргалык айыл аймагынын “Ж.Кыдыров атындагы муниципалдык паркка» муз аянтын куруу долбоору Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3.Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы | Т.Токтоболотов |