Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
2021-жылдын 27-сентябры № 41
Тогуз-Торо районунун «Ардактуу атуулу» номинациясына сунуштоо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымынын орун басары Мамбеталиева Рада Рысалиевнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Көп жылдык талыкпаган үзүрлүү эмгеги, тармакты өнүктүрүүгө жана аялдардын коомдогу активдүүлүгүн жогорулатууга кошкон зор салымы, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын тургуну, 2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ардак Грамотасы” жана “Ардак белгиси”, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин “Ардак Грамотасы” жана “Социалдык коргоонун отличниги” төш белгисинин ээси, Кыргыз
Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Тогуз-Торо райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Жеңишова Чолпонай Жеңишовна Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу” номинациясына сунушталсын.
3.Бул сунушту колдоп берүү жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге жүктөлсүн.
6.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы | Т.Токтоболотов |