Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
2021-жылдын 27-сентябры № 42
27-июль 2021-жылдагы Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVIII чакырылышынын) кезектеги III сессиясында кабыл алынган №24 токтомдун 5-пункту, №26 токтомдун 2, 3, 4, 8, 9-пункттары, №29 токтомдун 2-пункту, №30 токтомдун 2-пункту жана 33- токтомдун 2 пунктунун аткарылышы боюнча Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевдин маалыматы жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Артыкбаев Эмилбек Артыкбаевичтин жогорудагы маселелер боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Каргалык 27-июль 2021-жылдагы Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVIII чакырылышынын) кезектеги III сессиясында кабыл алынган №24 токтомдун 5-пункту, №26 токтомдун 2, 3, 4, 8, 9-пункттары, №29 токтомдун 2-пункту, №30 токтомдун 2-пункту жана 33-токтомдун 2-пунктунун аткарылышы боюнча Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Артыкбаев Эмилбек Артыкбаевичтин маалыматы угулгандыгы белгиленсин.
2.Каргалык айыл өкмөтүнүн карамагындагы айрым техникалар жана айыл чарба шаймандары муниципалдык реестрге киргизилбегендиги көрсөтүлсүн.
3.Казарман Таза суусунун жетекчиси Арзыбек уулу Нурланга акча каражатын ашыкча пайдалангандыгы үчүн Каргалык айыл өкмөтү тарабынан “эскертүү” чарасы көрүлгөндүгү белгиленсин.
4.“Чарабай” участкасы боюнча “Казарман Таза суу”системасынын суу чогултуучу кампасынан таза суу системасына келип кошулуучу трубаны алмаштыруу боюнча бүгүнкү күндө 1 921 936 сомдук долбоордун иши башталгандыгы белгиленсин.
5.Казарман, Чет-Булак Таза суусунун балансында турган шаймандар такталып, Чет-Булак айыл башчысы Д.Асанбековго жана Казарман Таза суусунун жетекчиси Арзыбек уулу Нурланга өткөрүлүп берилгендиги белгиленсин.
6.Казарман Таза суусу Тогуз-Торо жана Каргалык айыл аймагынын алдында түзүлгөндүктөн, уставын иштеп чыгуу, тактоо максатында учурда Тогуз-Торо айыл өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы белгиленсин.
7.“Жайыт пайдалануучулар бирикмесиинин” жана “МТС” муниципалдык ишканасынын өзгөртүү, толуктоо киргизилген Уставдарын жыйым-терим бүткөндөн кийин каттоодон өткөрүү жагы тапшырылгандыгы көрсөтүлсүн.
8.Каргалык айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетине кошумча киреше булактарын табуу боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
9.“Казарман Таза суусунун” жетекчиси Арзыбек уулу Нурландын өзүм билемдик менен ашыкча пайдаланган акча каражатын ордуна коюуда алынган тетиктерди опистин негизинде кабыл алуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
10.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
11.Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
12.Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Тагайбекова Нурайым Алмазовнага тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы | Т.Токтоболотов |