Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
2021-жылдын 27-сентябры № 43
Эки айыл өкмөттүн ортосундагы айыл ичиндеги чек аралардын маселесин кароо жөнүндөгү 2020-жылдын 30-декабрындагы Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылыштагы) ХХХVI сессиясынын №60 токтомунун жана 26-май 2021-жылдагы Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVIII чакырылышынын) кезекcиз II сессиясында кабыл алынган №21 токтомдун 1, 2-пунктунун аткарылышы боюнча Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевдин маалыматы
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевдин жогорудагы маселе боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Эки айыл өкмөттүн ортосундагы айыл ичиндеги чек аралардын маселесин кароо жөнүндөгү 2020-жылдын 30-декабрындагы Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылыштагы) ХХХVI сессиясынын №60 токтомунун жана 26-май 2021-жылдагы Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVIII чакырылышынын) кезекcиз II сессиясында кабыл алынган №21 токтомдун 1, 2-пунктунун аткарылышы боюнча Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевдин маалыматы угулгандыгы белгиленсин.
2.Эки айыл өкмөттүн ортосундагы айыл ичиндеги чек аралардын маселесин кароо жөнүндөгү 2020-жылдын 30-декабрындагы Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылыштагы) ХХХVI сессиясынын №60 токтомунун аткарылышы боюнча Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевдин «Кыргыз мамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтуна жеринен барып архивдик материалдар, карталар менен таанышып, Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтү менен Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чегин кайрадан 1994-жылкы картада көрсөтүлгөн чек ара боюнча калтыруу жөнүндөгү маселени көтөргөндүгү белгиленсин.
3.«Кыргыз мамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун 1994-жылдагы архивдик материалдарын жана карталарын негиз кылып, Казарман айылындагы Каргалык айыл аймагы менен Тогуз-Торо айыл аймагынын ортосундагы чек араны ордуна келтирүү жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге жана Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак - жай боюнча башкы адиси У.Р.Матиевге милдеттендирилсин.
4.Каргалык айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-майында II сессияда кабыл алынган №21 токтомдун 1, 2-пункту боюнча «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Мурзапайызовго муниципалдык ишкананын Уставына талап кылынган убакта өзгөртүү, толуктоолорду киргизбегендиги жана өз ишине кайдыгерлик менен мамиле кылгандагы үчүн Каргалык айыл өкмөтү тарабынан “сөгүш” жазасы берилгендиги белгиленсин жана бүгүнкү күнгө чейин талап кылынган иш кагаздарын аткарбагандыгы үчүн тиешелүү чара көрүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
5.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
6.Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
7.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы | Т.Токтоболотов |