Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
2021-жылдын 27-сентябры № 44
Каргалык айыл өкмөтүнүн 13.09.2021-жылдагы №490 сандуу катындагы ашыкча түшкөн акча каражатын кароо жөнүндө
«Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Каргалык айыл өкмөтүнүн киреше салыгынан ашыкча түшкөн 8000,0 миң сом акча каражаты киреше салыгынын 11111100 беренесине кошумча планына отургузулсун (№1-тиркеме тиркелет).
2.Башкаруу тармагынын 2214 транспорт чыгымына - 60,0 миң сом, 2215 ар кандай беренеге - 40,0 миң сом, ар кандай курулуштарга 3111 беренесине - 7269,1 миң сом (стим гранд уч.Чет-Булакка (ОсОО Гранд.Стр.Серв) -113,0 миң сом, лизингди ремонт жасоого - 517,2 миң сом, Каргалык айыл өкмөтүнүн имаратынын сыртын оңдоого - 560,0 миң сом, хоккей аянтчасын салууга өздүк салымга - 400,0 миң сом, мончонун жана таза суунун фильтри коюлган бөлмөнүн айланасын тосууга - 93,5 миң сом, өздүк салымдарга - 5585,4 миң сом), жалпы - 7369,1 миң сом, мектеп тармагына 2222 чарбалык товарларды алууга - 8,0 миң сом жана бала бакча тармагына 3111 курулуш беренесине - 308,1 миң сом, бардыгы - 8000,0 миң сом акча каражаты кошумча планга отургузулсун.
3.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
5.Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы | Т.Токтоболотов |