Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
2021-жылдын 27-сентябры № 46
“Казарман Таза суусуна” фонддон бөлүнгөн акча каражатына суу түтүктөрүн алмаштуруу жана оңдоо иштери боюнча көзөмөл жүргүзүүгө депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
№4 Жаңыбаева шайлоо округунан шайланган депутат Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин жогорудагы маселе боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.“Казарман Таза суусуна” фонддон бөлүнгөн акча каражатына суу түтүктөрүн алмаштуруу жана оңдоо иштери боюнча көзөмөл жүргүзүү үчүн курамы жети адамдан турган депутаттык комиссия түзүлсүн.
2.Комиссиянын курамына: “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынан; - Мукашов Сталбек Мукашович, Жолокеев Нурадил Турсунбекович, Рахат уулу Адилет, «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынан; - Атыканов Анарбек Кадыкеевич, Керезалиев Мыйзамбек Максатбекович, “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынан; - Турсуналиева Элмира Токтомаметовна жана «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынан; - Токтоболотова Назгүл Рысбековналар киргизилсин.
3.Комиссиянын төрагасына: - “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары - Мукашов Сталбек Мукашович шайлансын.
4.“Казарман Таза суусуна” фонддон бөлүнгөн акча каражатына суу түтүктөрүн алмаштуруу жана оңдоо иштери тууралуу жасалып бүтүп жаткан жумуштары боюнча маалымат берип туруу жагы комиссиянын төрагасы Мукашов Сталбек Мукашовичке милдеттендирилсин.
5.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
6.Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
7.Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык Кеңешинин алдындагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы | Т.Токтоболотов |