Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
2021-жылдын 27-сентябры № 47
“Макмал Голд Компани” ЖЧКынын директору Сю Линдин “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумдарын үзгүлтүккө учуратып катышпай келгендигин кароо жөнүндө
Жогорудагы маселе боюнча Каргалык айылдык кеңешинин “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Жээналиев Майрамбек Макеновичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.“Макмал Голд Компани” ЖЧКынын директору Сю Линдин “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумдарын үзгүлтүккө учуратып катышпай келгендиги боюнча “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Жээналиев Майрамбек Макеновичтин маалыматы угулгандыгы белгиленсин.
2.“Макмал Голд Компани” ЖЧКынын директору Сю Линдин 2021-жылдын 28-июль, 03-август, 10-август күндөрү Каргалык айылдык кеңешинин “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын 2021-жылга карата кабыл алган иш планы боюнча өтүлүүчү отурумга чакыруулардын жөнөтүлгөндүгүнө карабастан тоготбостукка салып, катышпай келгендиги белгиленсин.
3.Каргалык айылдык кеңеши 2021-жылдын 16-августунда Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына “Макмал Голд Компани” ЖЧКынын директору Сю Линди “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиянын отурумуна катышуусун камсыз кылып берүү жөнүндө жолдогон №91 сандуу чыгыш катына 21.09.2021-жылы “Макмал Голд Компани” ЖЧКынын директору Сю Лин тарабынан канааттандырарлык жооп алынбагандыгы көрсөтүлсүн.
4.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 33-беренесинин 2-пунктуна ылайык, “Макмал Голд Компани” ЖЧКынын директору Сю Линге тиешелүү чараларды көрүү боюнча “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун президентине кат жолдоо жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
5.«Кыргызалтын» ачык акционердик коомунан жогорудагы маселе боюнча мыйзамга ылайык жооп алынбаган шартта жогорку инстанцияларга чейин кайрылууга аргасыз экендиги көрсөтүлсүн.
6.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
7.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиянын төрагасы М.Жээналиевге милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы | Т.Токтоболотов |