Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XXXIV сессиясы
2020-жылдын 23-октябры № 41
МТС муниципалдык ишканасы тарабынан айдалып жыйналган буудайдын баасын бекитүү жөнүндө кароо
МТС муниципалдык ишканасынын директору А.Касымбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз XXХIV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.МТС муниципалдык ишканасы тарабынан жыйналган 1 кг буудайдын сатуу баасы 15 сомдон бекитилип, накталай кассага кириштелип төгүлсүн.
2.МТС муниципалдык ишканасы тарабынан 31 тонна буудай сатылып, 2020-жылга карата болгон насыясы үчүн Айыл банкка төгүлсүн.
3.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы МТС муниципалдык ишканасынын директору А.Касымбековго милдеттендирилсин.
5.Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Молдобековго тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы | Р.Жунусакунов |