Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XXXIV сессиясы
2020-жылдын 23-октябры № 41
Ак-Бермет бала бакчасына бөлүнгөн акча каражатынан 3112 инвентарь алуу статьясынан 3111 курулуш статьясына жылдыруу жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Е.Кашкариеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз XXХIV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ак-Бермет бала бакчасынын 3112 инвентарь алуу беренесинен 3111 беренесине 1121,9 миң сом, башкаруу тармагынын 2215 ар түрдүү чыгым беренеден Казарман Таза Суунун проектисине 100,0 миң сом акча каражаты жылдырылып берилсин.
2.Бала бакча тармагынын 2224 көмүр алуу беренеден үнөмдөлгөн 129,0 миң сом 3112 инвентарь алуу беренесине жылдырылып берилсин.
3.Башкаруу тармагынын 2224 көмүр алуу беренеден үнөмдөлгөн 24,0 миң сом, 2212 байланыш беренеден үнөмдөлгөн 36,0 миң сом, жалпы; 60,0 миң сом акча каражатын башкаруу тармагынын 2215 беренеси боюнча ит атууга 45,0 миң сом, ар түрдүү чыгым 2215 беренесине 15,0 миң сом акча каражаты жылдырылып берилсин.
4.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-
сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
6.Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы | Р.Жунусакунов |