Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XXXIV сессиясы
2020-жылдын 23-октябры № 43
Казарман айылындагы «Миң Теке» ЖЧК ПМКсын жүз пайыз үлүшү менен муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагындагы «Миң Теке» ЖЧК ПМКсын жүз пайыз үлүшү менен жергиликтүү маанилүү маселелерди чечүү зарылдыгын жана жамааттын талабын эске алуу менен угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 6-бересине ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз XXХIV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Казарман айылындагы «Миң Теке» ЖЧК ПМКсын жүз пайыз үлүшүн Каргалык айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2.«Миң Теке» ЖЧК ПМКсын жүз пайыз үлүшү менен Каргалык айыл өкмөтүнө муниципалдык менчикке алуу боюнча иш аракеттер жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондусуна сунушталсын.
3.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
5.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновго тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы | Р.Жунусакунов |