Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XXXIV сессиясы
2021-жылдын 8-декабры № 50
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жылдын тогуз айында аткарган иштери тууралуу маалыматын угуу
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевдин 2021-жылдын тогуз ай ичинде жүргүзгөн иштери тууралуу «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевдин жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн 2021-жылдын тогуз айында жүргүзгөн иштери боюнча маалыматы угулгандыгы белгиленсин.
2. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө жалпы 2021-жылдын тогуз айындагы такталган планы 26783,7 миң сом өлчөмүндө белгиленип, тогуз ай ичинде 39939,8 миң сомдук киреше өндүрүлүп, 149,1 пайызга аткарылып, бюджетке 13,1 миң сомдук киреше көп түшкөндүгү белгиленсин.
3. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн тогуз ай ичинде бюджетинин чыгаша бөлүгү такталган план боюнча 39051,5 миң сом болуп, кассалык чыгым 23898,1 миң сом, тактап айтканда, 61,2 пайызга аткарылгандыгы белгиленсин.
4. Каргалык айыл өкмөтүндө салыктын айрым түрлөрү боюнча пландагыдан кем аткарылгандыгы көрсөтүлсүн.
5. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн толуктоого карата айыл өкмөтүнүн аймагында иш жүргүзүп жаткан ишканалардан мыйзамдын талабына ылайык айыл өкмөтүнүн киреше тармагына түшүүчү салыктын түрлөрүн толуктап, тактап өз убагында түшүрүп туруу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
6. Каргалык айыл аймагынын алдындагы аукцион аркылуу берилген жерлерден түшүүчү акча каражаттар келишимде көрсөтүлгөн баа менен төлөнбөй жаткандыгы белгиленсин жана 2021-жылдын 25-декабрына чейин өндүрүү жагы тиешелүү адистерге милдеттендирилсин.
7. Муниципалдык ишканалардын финансы отчеттору берилбегендиги белгиленсин жана жылдын жыйынтыгында ирээтке келтирилбесе, аудит жүргүзүлүшү каралсын.
8. 2022-жылдын 1-кварталынан кечиктирбей Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “МТС”, “Таза кызмат”, “Таза суу” муниципалдык ишканаларынын бухгалтердик отчеттуулугунда жана уюштуруучулугунда кетирилген олуттуу кемчиликтерин жоюу боюнча кечиктирилгис иш-чараларды иштеп чыгуу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
9. Каргалык айыл аймагында “Таза суу” боюнча күз-кыш айларына карата даярдык боюнча дээрлик иш жүргүзүлбөгөндүгү жана финансалык отчетторун тиешелүү жактарга өз убагында бербей келгендиги баса көрсөтүлсүн жана бул боюнча чара көрүү жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
10. Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын 09.09.2021-жылдагы кезектеги отурумунун №4 протоколунда кабыл алынган токтомдун 3-пунктунун аткарылбагандыгы белгиленсин жана аткарууга алынсын.
11. Каргалык айыл өкмөтүнө караштуу Казарман айылындагы “Ж.Кыдыров атындагы эс алуучу парк” Каргалык айыл өкмөтү тарабынан 20.05.2019-жылы Казарман айылынын тургуну Абдрахманов Болотбек Кадырбаевичке ижарага берилгендиги белгиленсин жана “Ижара алуучу” тарабынан келишимде көрсөтүлгөн талаптар аткарылбай келгендиги көрсөтүлсүн.
12. Келишимде көрсөтүлгөн 2018-2019-жылы курулган эс алуучу аянтчаны (скамейка, плафон, брусчатка, газон сугаруучу түтүкчөлөр, суу берүүчү электрический мотор) жана сатылып алынган ойнотулуучу инвентарларды жана башкаларды 2022-жылдын 1-кварталынан кечиктирбей өз ордуна коюу жана буга чейинки ижара акыларды төлөө жагы “Ижарага алуучу” Б.Абдрахмановго милдеттендирилсин.
13. Кышка карата даярдык боюнча мектеп жана бала-бакчалар отун, көмүр менен камсыз болгондугу белгиленсин.
14. “Жайыт” комитетинин төрагасынын бүгүнкү күнгө чейин бухгалтердик отчеттуулугун бербей келгендиги жана жайыт комитетинин мүчөлөрү менен биргеликте иш алып барбагандыгы белгиленсин жана 25.12.2021-жылга чейин жайыт комитетинин отурумун уюштуруп, ишмердүүлүгү жана отчеттуулугу боюнча тиешелүү маалыматтарды алуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
15. Каргалык айыл аймагынын чегинде буга чейинки иш жүргүзүлүп келген лицензиялар боюнча кийинки сессияга тактап алып чыгуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси Т.Акматовага милдеттендирилсин.
16. Каргалык айыл өкмөтү тарабынан “Каратабылгы” участкасындагы аукцион өткөрүүдө кетирилген кемчиликтери жана ижара акысы көрсөтүлгөн суммада төлөнбөй жаткандыгы боюнча тиешелүү адистерге чара көрүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
17. “Дем берүүчү (үлүштүк)” гранттардын эсебинен Казарман айылындагы Бердалиев, Мамбетжанов, Акимбаев көчөлөрүн кара шагыл менен бодурлоо долбоору жана Бектен, Б.Ороков көчөлөрүнө тротуар куруу долбоору киргизилсин.
18. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
19. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге жүктөлсүн.
20. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы | Т.Токтоболотов |