Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XXXIV сессиясы
2021-жылдын 8-декабры № 51
Каргалык айыл өкмөтүнүн 02.12.2021-жылдагы №608, 611 сандуу чыгыш каттарын кароо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишмердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Дүйшөбаев Нурландын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн киреше салыгынан ашыкча түшкөн - 4349,7 миң сом акча каражаты 11111100 беренесине кошумча планга отургузулсун.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн башкаруу тармагынын чыгаша бөлүгүнөн 2212 байланыш беренеден- 50,0 миң сом, 2215 ар кандай чыгым беренеден- 300,0 миң сом, 3111 курулуш беренеден- 500,0 миң сом жана 3111 курулуш беренесиндеги өздүк салымга жана Ж.Алымбабаев көчөсүнө каралган -7748,0 миң сом, бардыгы болуп -12947,7 миң сом төмөндөгү беренелерге жылдырылып берилсин;
3. Башкаруу тармагынын чыгаша бөлүгүнө 2211 сапар чыгым беренесине - 110,0 миң сом, 2221 учурдагы оңдоо беренесине- 39,0 миң сом, 2222 чарбалык товарь беренесине - 80,0 миң сом, 2214 транспорт чыгым беренесине - 32,5 миң сом, 2511 субсидии беренесине- 586,5 миң сом, 2824 резерв фонд беренесине - 50,0 миң сом, 3112 машина жабдууларды алуу беренесине - 6481,5 миң сом, 3111 курулуш беренесине -4714,4 миң сом, бардыгы болуп -12093,9 миң сом жылдырылсын.
4. Мектеп тармагынын чыгаша бөлүгүнө 2221 учурдагы оңдоо беренсине - 45,0 миң сомду, 2222 чарбалык чыгым беренесине - 363,8 миң сом, бардыгы болуп -408,8 миң сом жылдырылсын.
5. Бала бакча тармагынын чыгаша бөлүгүнө 2221 учурдагы оңдоо беренесине- 50,0 миң сом, 2222 чарбалык чыгым беренесине -34,5 миң сом, 3111 курулуш беренесине - 360,5 миң сом, бардыгы болуп - 445,0 миң сом, бардыгы - 12947,7 миң сом жылдырылсын.
6. М.Жаңыбаева көчөсүнө берилүүчү кошумча каражатын, технадзордун корутундусунун негизинде, аткарылбай калган жумуштарды подрядчиктин кепилдик катын алуу менен каржылансын.
7. Каргалык айыл өкмөтүнүн Казарман айылындагы Ы.Кадыркулов атындагы, Т.Кожалиев атындагы, Бектен жана Т.Жээналиев атындагы көчөлөрүндөгү 2014-жылы коюлган 86 (сексен алты) даана жарыктандыруучу прожекторлор физикалык жактан эскирип жараксыз абалга келгендиги көрсөтүлсүн.
8. Жогоруда көрсөтүлгөн прожекторлор Каргалык айылдык кеңешинин 21.12.2018-жылдагы ХIХ сессиясында кабыл алынган “Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби” жөнүндөгү типтүү жобого ылайык Каргалык айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссиянын 24.11.2021-жылдагы деффектный актысынын негизинде негизги каражаттын эсебинен чыгарылсын.
9. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
10. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге жүктөлсүн.
11. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы | Т.Токтоболотов |