Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XXXIV сессиясы
2021-жылдын 8-декабры № 52
Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн жалпы жамаатынын атынан келип түшкөн кайрылууну кароо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымынын орун басары Мамбеталиева Рада Рысалиевнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Ардактуу ардагери”, Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген юристи”, Кыргыз Республикасынын “Милициянын мыктысы”, Кыргыз Республикасынын “Билим берүүнүн мыктысы”, Россия федерациясынын “Андропов” орденинин, “Эмгек Кызыл Туу” орденинин жана III даражадагы “Манас” орденинин ээси, милициянын генерал-майору Жээналиев Токтожуманын ысымы Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө ыйгарылуусу «Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу жобого» ылайык келээри белгиленсин.
2. Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн жалпы жамаатынан жана балдарынын, бир туугандарынын атынан Тогуз-Торо районунун Арал айылынын тургуну К.М.Эпеевден келип түшкөн кайрылуу эске алынсын.
3. Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин генерал-майору Жээналиев Токтожуманын ысмын ыйгарууда депутаттардын бир добуштан колдоосун алгандыгы белгиленсин.
4. Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмү “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин генерал-майору Жээналиев Токтожума атындагы Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмү” деп аталсын.
5. «Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.08.2014-жылдагы №488 токтомунун 6-пунктуна ылайык Жалал-Абад областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине, Ички иштер министрлигине сунуштоо үчүн Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
8. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык Кеңешинин алдындагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы | Т.Токтоболотов |