Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XXXIV сессиясы
2021-жылдын 8-декабры № 53
Тогуз-Торо районунун «Ардактуу атуулу» номинациясына сунуштоо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымынын орун басары Мамбеталиева Рада Рысалиевнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарындагы ак ниет кызматы, мыйзамдуулукту жана укук тартипти бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын тургуну, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ардак Грамотасы”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын “Ардак Грамотасы”, Ала-Бука, Сузак жана Чаткал райондук мамлекеттик администрацияларынын “Ардак Грамоталары” жана Кыргыз Республикасынын Прокуратурасына 95 жыл юбилейлик медалынын ээси, учурда райондон сырткары Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун прокурору болуп иштеп жаткан Акылбек уулу Сыргабек Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу” номинациясына сунушталсын.
2. Бул сунушту колдоп берүү жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы | Т.Токтоболотов |