Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XXXIV сессиясы
2021-жылдын 8-декабры № 54
Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.М.Жээналиевдин ““Макмал Голд Компани” ЖЧКсы боюнча” маалыматы
Жогорудагы маселе боюнча “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.М.Жээналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. ““Макмал Голд Компани” ЖЧКсы боюнча” “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.М.Жээналиевдин маалыматы угулгандыгы белгиленсин.
2. “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын директору Сю Лин Каргалык айылдык кеңешинин 23.07.2021-жылдагы чыгыш №82, 29.07.2021-жылдагы чыгыш №85, 03.08.2021-жылдагы чыгыш №88 сандуу каттары жөнөтүлгөндүгүнө карабастан жана ошол убактагы Кыргыз Республикасынын 15.07.2011-жылдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү №101 Мыйзамынын 33-беренесинин 2-пунктунда Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын укуктары деп көрсөтүлгөндөй “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумдарын үзгүлтүккө учуратып, келбей койгондугу белгиленсин.
3. Бул боюнча “Маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын директору Сю Линди тиешелүү адистери менен биргеликте отурумга келип маалымат берүүсүнө көмөктөшүүсүн сурап, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким М.К.Карагуловго 2021-жылдын 16-августунда чыгыш №91 сандуу кат жолдонгондугу көрсөтүлсүн.
4. Жогорудагы маселе боюнча Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVIII чакырылышынын) IV сессиясында 27.09.2021-жылы №47 токтому кабыл алынып, “Кыргызалтын” ААКысына кат жөнөтүлгөндүгү көрсөтүлсүн жана ага да жооп ала албай келгендиги белгиленсин.
5. “Мансон Групп” ЖЧКсы менен Кыргызалтын ААКынын келишиминдеги 6.4.2-пунктундагы №1 калдык сактоочу жайынын убактылуу рекультивация жүргүзүү боюнча иштери жана комбинатты 75,0 млн долларлык реконструкциялоо боюнча 27.09.2019-жылдан бери (график боюнча бөлүнгөн 1-2-3-жылдардын бири да) аткарылбай келе жаткандыгы жана Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким, Тогуз-Торо районунун беш айыл өкмөт башчылары, “Макмал Голд Компани” ЖЧКа ишканасынын жетекчиси Сю Лин, директорлор кеңешинин төрагасы А.Ж.Тумановдор менен “Социалдык колдоо жана шериктештик, өз ара кызматташтык боюнча” 04.09.2019-жылдагы түзүлгөн Башкы Макулдашууда (келишиминде) көрсөтүлгөн талаптар, башка айтканда, соцпакеттеги 8 260,0 млн долларлык инвенстиция толук кандуу тартылбагандыгы жана Тогуз-Торо районунун элине берген башка убадалары жасалбай жаткандыгы көрсөтүлсүн.
6. Бул маселени мыйзам чегинде карап, чечип берүү боюнча Каргалык айылдык кеңешинин атынан Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине кат жөнөтүлсүн.
7. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
9. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Жээналиев Майрамбек Макеновичке тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы | Т.Токтоболотов |