Загрузка документа…
КОК-ОЙРОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12-октябры № XXX/05-13
“Жерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары” Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бɵлүгүнүн 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жɵнүндɵ” Мыйзамын,Кыргыз Ɵкмɵтүнүн 2014-жылдын 19-матрындагы №169 “Жер участокторун которуу(трансформациялоо)тартиби жɵнүндɵгү убактылуу Жобосун жетекчиликке алып
Токтом кылат:
1.Көк-Ойрок айыл аймагынын Тегирменти суусунун Чоң-Кемин суусуна куя бериш жердеги жайытынан жалпысы 1,34 га “Айыл чарба багытындагы жерлер” (жайыт ) категориясынан тɵмɵнкү жер тилкелери “Өнөр жайынын,транспорттук,байланыштын,коргонуунун,жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына трансформациялоого уруксаат берилсин.
№ | Контур | Жалпы аянты (га) | Колдонуулучу аянт (га) |
1 | 1211-жайыт | 7,2 | 0,94(муниципалдык менчикке) |
2 | 1237-жайыт | 30,1 | 0,40(муниципалдык менчикке) |
| Жалпы : | 1,34 га | |
2. Кемин райондук мамлекеттик администрациясына жерди которууга (трансформациялоо) тийиштүү документтер жɵнɵтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айыл ɵкмɵт башчысына жүктɵлсүн.
Төрага | Шейшенбеков А. |