Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 5-ноябры № 7
Акча каражатын статьядан статьяга жылдыруу жөнүндө
Жогоруда белгиленип өткөн Ж.Ормотоев атындагы “Баластан” балдар бакчасынын жылытуу системасын көмүр отунуна өткөрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактын кеңешинин VIII чакырылышынын төртүнчү сессиясы токтом кылат:
1.Электр энергиясынын тартыштыгына байланыштуу 2021-2022-жылдын кыш мезгилине карата Ж.Ормотоев атындагы “Баластан” балдар бакчасынын жылытуу системасы жарым-жартылай көмүр отунуна өткөрүлсүн.
2.2021-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүмүнүн Ж.Ормотоев атындагы “Баластан” балдар бакчасынын 2231 (электр энергиясына акы) статьясынан 65,0 миң сом акча каражатын ушул эле бөлүмдүн 2224 (таш көмүрдү сатып алуу) статьясына жылдырылып берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумакеевага милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Койчубаев |